• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдүн бажы кызматкерлери 4,7 млн рубль болгон аткезчилик товарды кармашты

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте “Ак-Тилек” бекетинен 4,7 млн рубль болгон аткезчилик товарды кармашты.

Бажы кызматынан билдиришкендей, “Ак-Тилек” бекетиндеги унаа токтотуучу жайдан “Мерседес-Бенц Спритер” үлгүсүндөгү үч транспорт каражатынан Россиянын акциздик маркасы менен 1 млн 976 миң даана “Прима Дона” жана “Беламорканал” маркасындагы тамекилер табылган.

Өндүрүүчүнүн берген корутундусуна ылайык, кармалган тамекилер контрафакттык жана алардын акциздик маркалары жасалма болгон. Өндүрүүчүгө келтирилген зыяндын көлөмү 4 млн 770 миң 500 рублди түзөт.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий