• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Турсунбеков: Өлкөлөр ортосундагы биримдиктин келечеги жаштардын учурдагы байланышына көз каранды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Өлкөлөр ортосундагы биримдиктин келечеги жаштардын учурдагы байланышына көз каранды. Мындай пикирин Жогорку Кеӊешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Панфилов районунун Жарты-Кайыӊды капчыгайында уюштурулган «Жаш-Булак» жаштардын агартуу форум-лагеринде билдирди.

Турсунбеков эки жылдан бери уюштурулуп жаткан форум-лагердин мамлекеттер аралык достукту чыӊдоодогу мааниси жогору экенин белгиледи.

««Жаш-Булак» форум-лагери жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүү менен жарандык позициясын жөнгө салууга багытталган иновациялык аянт болуп эсептелет. Айрыкча, бири-биринин маданияты жана салт-санаасы менен да таанышууга шарт түзгөн мындай иш-чаралар жаштардын келечеги үчүн өтө зарыл», - деп билдирди төрага.

Андан соӊ, лагердин шарт-жагдайы менен таанышып чыккан Турсунбеков жаштар менен бирге олтуруп, алардын бир катар суроолоруна жооп берди. Суроолордун көпчүлүгү Кыргызстандагы парламентаризмдин учурдагы абалы тууралуу болду.

«Биз тандап алган парламенттик демократиялык жол - дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүнүн басып өткөн жолу. Буйруса, бийлик менен эл бири-бирине тирек болуп, адилет башкаруунун натыйжасында Кыргызстан да гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулат. Кемчиликтер да жок эмес, бирок демократиялык багыттан тайбай кадам шилтесек, көздөгөн максатыбызга жетебиз», - деди ал.

Эскерте кетсек, «Жаш-Булак» жаштардын агартуу форум-лагери Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин колдоосу менен Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан эки жылдан бери өткөрүлүп келет. Форум-лагерге быйыл 15 мамлекеттен 600гө жакын студент катышууда.

Пикир

Оставить комментарий