• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара аймагындагы жарык менен камсыздоо боюнча Энергетика министрлигинин маалыматы

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Чек ара аймагындагы энергия менен камсыздоо боюнча Энергетика министрлиги маалымат берди.

Учурда: Аксай, Актатыр, Көк-Таш, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек жана Ортобоз (1402 абонент) жалпы жети конуш электр жарыгысыз калды. Анын себеби, аймактагы ок атуунун кесепетинен 35/10 кВ Самаркандек көмөкчордонунун 10 кВ линиясынын бузулушу.

Учурда чек арадагы абал жөнгө салынмайынча жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылмайынча калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес.

«Ошэлектро» ААКтын оңдоо бригадалары тиешелүү түзүмдөрдөн уруксат алынаар замат келтирилген зыянды жоюуга толук даяр.

Белгилей кетсек, өлкөнүн энергетикалык объектилери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле энергия менен камсыздоо жана авариялык кырдаалда иш аракеттерди жүргүзүү жагынан ыкчам аракеттенүү үчүн бардык зарыл ресурстар бар.

Энергетиктер электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Тчки иштер министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып барууда.

Министр Доскул Бекмурзаев жетектеген Энергетика министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, бардык энергетикалык объектилердин макулдашылган иштерин координациялап турат.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун абоненттери үчүн 03622 50612 жана күнү-түнү иштей турган бирдиктүү телефон номери 03622 51071.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасында катталган чырда аба чубалгысы үзүлүп, Баткен районунун бир бөлүгү жарыксыз калган.

Пикир

Оставить комментарий