• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Чек арадагы чыр: “Баткенге жардам” штабынын номерлери

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова брифинг учурунда өкмөттүн алдында “Баткенге жардам” аттуу штабы түзүлгөнүн айтып өттү.

Анын айтымында, штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгашкан.

“Ыктыярчылардан, бизнес өкүлдөрүнөн жана ар бир жарандын жардамын ушул штаб кабыл алып жатат. Жардам штабынын номери 0558 98 88 88, 0705 15 13 00”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Акыркы маалыматтарга караганда, чек арада чыккан чырдын кесепетинен 13 адам набыт болуп, 134 киши жабыркады.

Кечээ, 29-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлеринин ортосундагы бир нече сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча саат 20:00дөн баштап ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүү келишимине жетишилген.

Ал эми президенттин аппаратынан маалымдашкандай, Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесиндеги абал президент Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий