• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Чоң-Алайда аз камсыз болгон 700 үй-бүлөгө жардам тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. 30-мартта Ош облусунун Чоң-Алай районунда аз камсыз болгон жардамга муктаж 700 үй-бүлөгө кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасын Чоң-Алай райондук хатибияты уюштуруп, “Бириккен Араб Эмираты” кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Аталган иш-чарага райондун акими Темирболот Абыкеев, райондун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов, аталган фонддун өкүлү жана дин кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий