• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Баткен облусунда коомдук жайда кылмыштардын саны кескин азайды

Аймак 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. Баткен облусунда коомдук жайда кылмыштардын саны кескин азайды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, 2024-жылдын 3 ай ичинде облустун аймагында коомдук жайларда болгон жалпы кылмыштардын саны 15 болсо, ал эми былтыр бул мезгилде 75ке жеткен, ошентип бул жылы 60 кылмышка аз катталды.

Белгиленгендей, мындай көрсөткүч облустун аймагында коомдук тартипти камсыздоо максатында иштердин активдешүүсүнүн аркасында мүмкүн болгон. Тактап айтканда, милиция кызматкерлери жер-жерлерде ар түрдүү рейддик иш-чаралар, кайгуул күзөттөр уюштурушуп, жарандардын коопсуздугун туруктуу камсыздоодо.

Милиция менен коомдун ортосун жакындатуу, өз ара түшүнүшүү мамилесин чыңдоо, жарандарга ачык болуу, калкка сервистик тейлөө көрсөтүү чараларын жаңы деңгээлге чыгарып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу үчүн "Милициянын көчмө кабылдамалары" өз ишмердигин активдүү жүргүзүү максатында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунда түзүлгөн графиктин негизинде жарандарга сервистик тейлөөлөрдү көрсөтүп, жеңил шарттарды түзүүдө.

Ошондой эле жер-жерлерде коомдук тартипти сактап, базарларда, бекеттерде, эл көп жыйылган жерлерде кылмыштуулуктун алдын алууда жана укук бузууларга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий