• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү көзөмөлдөнүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Чоң-Алай районунда болуп өткөн жер титирөөдөн жабыркаган жарандар тууралуу күнүмдүк так маалыматтар алынып жатат. Бул тууралуу Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу түзүлгөн жагдайлар тууралуу КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабардар.

Т.Сарыбашов кырсыктан улам пайда болгон бардык маселелерди жеринде чечип, мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүнү жергиликтүү бийликке тапшырып кырдаалды өз көзөмөлүнө алды. Ошондой эле, жер титирөөдөн кийин Чоң-Алай элинен кабар алып келген КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган тапшырмаларды аткаруу багытында да иш-аракеттер жүргүзүлүүдө. Аны менен катар турак-жайлары жараксыз абалга келген жарандарга турак-жайларын жаңыдан курууга Ош шаарындагы баа менен курулуш материалдарын жеткирип берүү каралууда. Учурда кимге канча кирпич, цемент, шифер жана башка керектелүүчү курулуш каражаттарынын тизмеси райондук жана жергиликтүү бийлик тарабынан такталып жатат. Андан соң тиешелүү өлчөмдө жеткирилип берилет. Мындан сырткары кайдыгер эмес жарандар да ар тараптуу демөөрчүлүк көрсөтүү ниетин билдирип жатышат.

Пикир

Оставить комментарий