• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чувашиядагы жол кырсыгынан жабыркаган КРнын 2 жараны ооруканада жатат

Кырсык 0

Бишкек, 05.07.18. /Кабар/. Чувашиядагы жол кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын эки жараны Чебоксары шаарындагы ооруканада жатышат. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинен кабарлашты. Учурда 36 жаштагы И.А.Х. жана 27 жаштагы Д.А.А., бейтапканада жатат.

Азырынча жабыркагандардын саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат айтыла элек.

Мурда маалымдалгандай, Чуваш Республикасынын "Волга" трассасынын 725-чакырымында жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагылышкан.

Чувашия ИИМнин билдирүүсү боюнча, жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, карама-каршы тилкеге чыгып, кырсыкка кабылган. Унаанын артында отурган аял жана 2 – 5 жаштагы эки жаш бала каза болгон.

Жабыркаган айдоочу менен жүргүнчү ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий