• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Баткен облусунун башчысы жубайы менен эмдөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда КР министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев облустук, райондук жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана ар бир кызматтын бөлүм башчылары менен COVID-19 илдети, учурдагы облус аймагындагы эпидемиологиялык абалы боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Жыйында облус башчысы калкка COVID-19 илдетине каршы вакцинация алуу боюнча так жана туура маалымат жеткирүүнү тапшырып, жарандардын ден соолугу жана саламаттыгы өлкөнүн бүтүндүүлүгү экенин баса белгиледи.

Жыйындан соң Алимбаев баштаган мекеме-ишканалардын жетекчилери коронавируска каршы вакцинация алууга облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барды. Облус башчысы жубайы менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы эмдөөдөн өттү.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен облусуна COVID-19 илдетине каршы эмдөөгө "Синофарм" вакцинасынын 40 миң дозасы келип, облус аймагындагы район-шаарларга жеткирилген. Алдыда этап-этабы менен илдетке каршы вакцинациянын дозасы алынып келүүсү күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий