• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Кыргыз медицинасы бардык жүктү көтөрүүгө даяр - Исаков

COVID - 19 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Кыргыз медицинасы бардык жүктү көтөрүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өтүп жаткан маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык врач Төлө Исаков билдирди.

“Бизде бирин-серин же массалык учурлар катталса да, күчтөр жана ресурстар жетиштүү. Биз 100 бейтапты чогуу кабыл алганга даяр эмеспиз деген туура эмес. Кыргыз медицинасы кандай гана оор жүк болбосун көтөрүүгө даяр. Бизде иш-аракеттердин алгоритми бар. Алгоритм боюнча иш алып барабыз”,- деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, кытайлык адистер кыргыз медиктери менен өз тажрыйбаларын бөлүшүүдө. Кытайлыктардын бул илдет менен күрөшүүдө тажрыйбасы бар.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) катталган. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле күн мурун, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Мындан тышкары, бүгүн 21-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргендей, дагы жаңы алты учур катталды. Алардын бешөө Сузак районунда, ал эми бирөө Баткен районунда. Бардыгы кичи ажылыктан келгендер.

Учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны он экиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий