• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Кыргызстанда бир суткада 9 миң 558 адам эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 9 миң 558 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 4 миң 335 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 223 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 183 миң 224 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 969 миң 457 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий