• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19: Өлкө аймагында дарыгер-тренерлерден турган командалар даярдалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Коронавирус инфекциясынын божомолдонгон экинчи толкунуна даярдануу максатында Кыргызстандын бардык аймактарында дарыгер-тренерлерден турган командалар даярдалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 боюнча дарыгерлердин жана медайымдардын мультидисциплинардык командасы (МДК) үчүн окутуу программасынын концепциясын иштеп чыгып, бекитти.

Окутууну ЮСАИДдин жардамы менен “Тренерлердин тренинги” аталышындагы моделдин негизинде өткөрүү пландалууда. Ага ылайык, ар кандай адистиктеги МДК дарыгерлери COVID-19 менен ооруган адамдарга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүп, ошондой эле башка дарыгерлерди окутуу үчүн керек болгон билимге ээ болушат.

"МДКнын түзүмүнө кызыл зоналарда иштөө тажрыйбасы бар, ар кандай адистиктеги мотивацияланган дарыгерлер кирет. Алардын арасында пульмонолог, инфекционист, реаниматолог, кардиолог, педиатр, акушер-гинеколог, эндокринолог, психолог жана башка адистер бар. Тренер жана окутуучулар катары, профессор Т.Сооронбаев жана А.Кутманованын координаторлугу алдында медицина илиминин ар кандай тармагынын алдыңкы адистери тартылды", - деп айтылат маалыматта.

14-сентябрдан 19-сентябрга чейин Бишкек шаарында улуттук деңгээлдеги биринчи сертификацияланган мобилдик МДК окутулуп, 17 дарыгер жана 11 медайым даярдалган. Учурда алар жардам көрсөтүүгө жана башка дарыгерлерге тренинг өтүүгө даяр. Улуттук деңгээлдеги экинчи МДКны окутуу Ош шаарында 21-сентябрь күнү башталган. Окуу 26-сентябрга чейин уланат. Жакын арада республиканын ар бир регионунда дагы 7 мобилдик МДКны окутуу жана даярдоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий