• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 14 млн адамга жакындады

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 13 млн 827 миң 384 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 590 миң 401 киши каза болгон. Ал эми 7 млн 733 миң 51 адам айыкты.

Коронавирусту АКШда − 3 млн 576 миң 430 киши, Бразилияда − 2 млн 12 миң 151, Индияда – 1 млн 3 миң 832, Россияда − 758 миң 1, Перуда − 341 миң 586, Түштүк Африкада − 324 миң 221, Мексикада − 324 миң 41, Чилиде − 323 миң 698, Улуу Британияда − 294 миң 116, Иранда – 267 миң 61 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий