• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 16,4 млн адамдан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 16 млн 495 миң 309 адамга жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн эсебинде көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, коронавирусту жуктургандардын ичинен 654 миң 327 киши каза болгон. Ал эми 9 млн 590 миң 929 адам илдеттен айыкты.

АКШда − 4 млн 294 миң 770 киши, Бразилияда − 2 млн 442 миң 375, Индияда – 1 млн 480 миң 73, Россияда − 822 миң 60, Түштүк Африкада − 452 миң 529, Мексикада − 395 миң 489, Перуда − 389 миң 717, Чилиде − 347 миң 923, Улуу Британияда − 301 миң 708, Иранда – 293 миң 606 адам жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий