• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Дзюдо боюнча эки жолку олимпиада чемпиону Масато Утисиба КРда мастер-класс өтөт

Спорт 0

Бишкек, 28.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Дзюдо боюнча эки жолку олимпиада чемпиону япон спортчусу Масато Утисиба Кыргызстандын дзюдочулары үчүн мастер-класс өтөт. Бул тууралуу КРнын спорттун бул түрү боюнча Улуттук федерациясы билдирди.

КРДУФ президенти Жолдошбек Көлбаевдин чакыруусу боюнча Кыргызстанга 2004 жана 2008-жылдардагы олимпиада чемпиону, 2005-жылдагы дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси, 2002-жылдагы Азия чемпионатынын коло медалын алган Масато Утисиба келген.

Ал Кыргызстанда өлкөнүн дзюдочулары үчүн мастер-класс өтөт.

Пикир

Оставить комментарий