• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЕЭК Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 30.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-декабрында кабыл алынган.

Келишимдин максаты – Евразия экономикалык бирлигинин бардык аймагында бажылык жөнгө салуунун бирдей эрежелерин камсыз кылуу.

Келишимге тиркеме болгон ЕАЭБдин Бажы кодекси – ЕАЭБдин ченемдик-укуктук базасынын негизги документтеринин бири.

Кодекс колдонуудагы Бажы союзунун Бажы кодексин жана экономикалык интеграциянын мурдагы баскычтарында – Бажы союзунун жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин макулдашуу-укуктук базасын калыптандырууда түзүлгөн бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча айрым эл аралык макулдашууларды алмаштырат.

Бул ченемдик документ ЕАЭБде бажылык жөнгө салууну бирдей калыпка салуу жана шайкештиктин деңгээлин жогорулатат.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий