• 88.68
  • 95
  • 0.95

Египеттеги поезддердин кагылышынан 36 адам көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 12.08.17 /Кабар/. Египеттеги поезддердин кагылышынан кеминде 36 адам каза болуп, 100дөн ашык жаран жабыркады деп, Египеттин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди дейт «Reuters».

Кырсык Хоршид менен Александрия жана Каир станцияларында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.15 чамаларында катталган.

Кагылышуунун себеби темир жол көрсөткүчүнүн кемчилиги болуу ыктымал экени айтылууда.

Мамлекеттик «al-Ahram» басылмасы Александриянын табытканасына 36 жарандын сөөгү алынып келгенин билдирди. Прокурор Набиль Садек бийлик кырсыктын кесепеттерин иликтөөнү баштады деп билдирди.

Медицина кызматкерлеринин мамлекеттик телеканалына билдиргендей, айрым жабыркагандар дагы деле поездде кармалып турганын айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий