• 88.68
  • 95
  • 0.95

Екатеринбургда «Жүрѳктѳн жүрѳккѳ» аттуу кайрымдуулук концерти өттү

Коом 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. 1-февралда Екатеринбургда «Жүрѳктѳн жүрѳккѳ» аттуу кайрымдуулук концерти өттү. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук концерти «Кыргызстан-Урал» Свердлов облустук коомдук уюму тарабынан кыргызстандык мекендештердин чыгармачыл жамаатынын күчү менен уюштурулуп, Свердлов облусунун Нижний Тагил шаарындагы «Тагильский» пансионатындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналды.

Ага Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Чолпон Исанаева да катышты.

Иш-чарада Екатеринбург шаарынын “Ак шоола” балдар чыгармачыл тобу жана башка жаш таланттар ѳзүлѳрүнүн эң мыкты музыкалык чыгармаларын тартуулашты. Кыргыз жана орус тилдеринде аткарылган ырлар жана кыргыз улуттук кийимдери менен коюлган фольклордук бийлер кѳрүүчүлѳрдүн кызыгуусун жаратты.

Ч.Исанаева мындай кайрымдуулук иш-чаралардын улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳ нугунда ѳспүрүмдѳрдү руханий жактан тарбиялоо жана достук мамилелерди чыңдоо маанисине ээ экендигин белгилеп, Башкы консулдуктун жана “Кыргызстан-Урал” уюмунун атынан «Тагильский» пансионатынын бейтаптарына белектерди ыйгарды.

“Тагильский” пансионатынын жетекчилиги концерттин уюштуруучуларына жана жалпы чыгармачыл жамаатка, ошондой эле Башкы консулдукка иш-чарага катышкандыгы жана колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн чын жүрѳктѳн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий