• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте өзгөчө абал. Жарандар үчүн атайын сурап-билүү борбору түзүлдү — байланыш телефондору

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бишкекте коменданттык саат киргизилгендиктен жарандар үчүн атайын сурап-билүү борбору түзүлдү.

Өкмөт үйүндө өткөн брифингдин жүрүшүндө вице-мэр, Бишкек шаарынын комендантынын орун басары Азизбек Алымкулов билдиргендей, жарандар тарабынан өзгөчө абал режиминде өзүн кантип алып жүрүү керектиги жана эрежелер тууралуу көптөгөн суроолор келип түшүүдө.

Андан улам атайын сурап-билүү үчүн колл-борбору түзүлгөн.

Телефондор: 0312 66-06-16, 0312 66-07-10, 0312 66-21-34, 0312 66-02-48.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44гө жетти.

Алар: Ош облусунда – 20 учур, Жалал-Абад облусунда – 19 учур, Бишкек шаары – 3 учур, Чүй облусунда – 1 учур, Баткен облусунда – 1 учур.

Пикир

Оставить комментарий