• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экономика министринин орун басарлыгына Султан Ахматов дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. КР экономика министринин орун басарлыгына Султан Ахматов дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет аталган министрликтин басма сөз кызматы .

Маалыматка ылайык, бүгүн Султан Ахматовду Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана министр Санжар Муканбетов министрликтин жалпы жамаатына тааныштырышкан.

"Султан Ахматов өз ишин билген тажрыйбалуу адис. Өлкө экономикасынын өнүгүшү үчүн болгон күч-аракеттерин жумшайт деген ишенимдебиз", - деген С.Кылжыев.

Белгилей кетсек, министрдин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу экономика министринин орун басарлыгынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий