• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жергиликтүү соттун судьясы Иматилла Жолдошовдун ыйгарым укуктары токтотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1,2-бөлүгүнө ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Жолдошов Иматилла Султановичтин жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал 2022-жылдын 21-мартынан тартып курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий