• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик катчы Чүйдө жаңы заманбап спорт залдын ачылышына катышты

Президент 0

Бишкек, 18.04.22./Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Чүй облусунун Кемин районундагы Бейшеке айылында жаңы заманбап спорт залдын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирет.

Сүйүнбек Касмамбетов Бейшеке айылынын тургундарын Олимпиада чемпиону, көрүнүктүү спортчу Каныбек Осмоналиев атындагы жаңы спорт залдын ачылышы менен куттуктады.

Мамлекеттик катчы Каныбек Осмоналиев өлкөнү бүткүл дүйнөгө даңазалаганын эске салып, анын урматына спорт залдын ачылышы коомчулук, район, айыл үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

Ал келечекте Кыргызстандын уул-кыздары бул залда машыгып, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдей ийгиликтерди багынтса деген үмүтүн билдирди.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекет тарабынан өлкөдө спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, жер-жерлерде дене тарбияны өнүктүрүү боюнча мындай иштер мындан ары да улантыларын баса белгиледи. «Биз мындай иш-чараларды терең колдойбуз», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий