• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Эксперттер пробация органы Жазаларды аткаруу кызматында калышы керек деген пикирде

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Эксперттер пробация органы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында калышы керек деген пикирде. Бул тууралуу эксперт Кайрат Осмоналиев пробация мыйзамынын айланасындагы талкуу учурунда билдирди.

Мурда белгилүү болгондой, 2019-жылдын 10-январында күчүнө кирген мыйзамдар даярдалып жатканда пробация органын Жазаларды аткаруу кызматынын карамагында убактылуу калтыруу каралган.

Аталган мекеменин кызматкерлери пробациялык органга тиешеси бар экени түшүнүктүү.

Бирок 2020-жылы пробация органын өз алдынча кылып, Юстиция министрлигинин карамагына өткөрүү планданган. Учурда ал туура эмес чечим болору тууралуу сөздөр айтыла баштады. Анткени, адистердин айтымында Юстиция министрлиги бул багыттагы маселелерди чечүүгө туура келбейт.

"Юстиция министрлиги жазаларды аткаруу менен алектенбейт. Ошондуктан бул милдет Жазаларды аткаруу кызматында калышы керек. Чечим кабыл алынганы менен Коопсуздук кеңеши акыркы сөзүн айта элек. Жазаларды аткаруу кызматынын жаңы жетекчиси бул маселени көңүл сыртында калтырбайт деп үмүттөнөм. Биз 2020-жылга чейин туура чечим кабыл алышыбыз зарыл", - деди Кайрат Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий