• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Элдик курултайдын делегаты: Адам өмүрүнө кайдыгер караган дарыгерлерди жоопко тартуу керек

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Элдик курултайдын делегаты Орозбек Арыпбеков бир нече маанилүү маселлеерди көтөрдү. Алардын бири Бишкектеги ыш көйгөйү.

"Бишкек шаарындагы конуштарды газга өткөрүп, автоунааларга катализатор чыгаруучу завод куруу керек. Ошондой эле ар бир үйдүн моруна атайын фильтрлерди коюу керек", - деди ал.

Делегат андан тышкары өлкөдөгү саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөргө токтолуп, саламаттык сактоо министрине кайрылды.

"Өлкөдө дары чыгарган завод курулса жакшы болмок. Анткени, биздин өлкө дары чөптөргө абдан бай. Элдин ден соолугуна, өмүрүнө кайдыгер мамиле кылган дарыгерлерди мыйзамдын негизинде жоопко тартуу керек. Себеби алар көп учурда жоопко тартылбай калып жатат", - деди.

Сөзүнүн аягында делегат президентке кайрылып, 30 жылдан бери менчиктешип кеткен ишкана-мекемелерди, жерлерди, учурда пайдаланып жаткан базарларды мүмкүн болсо мамлекеттин балансына алып келүүнү өтүндү.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий