• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Эмгек министрлиги: Мамкызмат көрсөтүү үчүн керектүү маалымкаттардын саны кыскарды

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалымкаттардын санын кыскартылганын маалымдады.

Ведомствонун басма сөз кызматы жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды алуу процедураларын жеңилдетүү боюнча чаралар көрүлүп жатканын тууралуу билдирет.

Алсак, "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму (ВЭӨТ) аркылуу ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүүнүн аркасында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн зарыл болгон маалымкаттардын жана документтердин саны 29га чейин кыскарды.

Бул жарандарга мындан ары мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тариздөө үчүн мурда талап кылынган бир катар документтерди жана маалымкаттарды көрсөтүүнүн кажети жоктугун билдирет. Эми бардык зарыл маалыматтар "Түндүк" (ВЭӨТ) аркылуу берилет.

Пикир

Оставить комментарий