• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Элчи Жаманбаев Ташкентте кыргыз спортчулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев Кыргызстандын оор атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи курама команданын мүчөлөрүн Азия чемпионатына ийгиликтүү катышкандыгы менен куттуктап, мындан аркы спорттук ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Муса Жманабаев мелдештин ардактуу конок катары келген оор атлетика боюнча Олимпиада чемпиону, дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн Азия чемпионатында 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңди. 102 кг чейинки салмакта Бекдөөлөт Расулбеков күмүш медалга ээ болсо, Эмил Молдодосов (89 кг), Нурсултан Тармалов (96 кг), Татьяна Мельниченко (76 кг) 3-орунду ээлешкен.

Оор атлетика боюнча Азия чемпионаты 3-10-февраль күндөрү өтүп, жалпы 34 мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы командалык эсеп боюнча 6-орунду ээледи.

Пикир

Оставить комментарий