• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эртең Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата концерт жана акция өтөт

Коом 0

Бишкек, 31.05.21. /Кабар/. Эртең, 1-июнда Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Балдар-жердин жандуу гүлдөрү” аттуу концерт жана “Балдар менен бир күн” акциясы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрликтин буйругуна ылайык, 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата П. Шубин атындагы борборлоштурулган балдар музыкалык мектеби тарабынан даярдалган “Балдар-жердин жандуу гүлдөрү” аттуу майрамдык иш-чара өтөт. Иш-чара саат 11:00дө башталат.

Концертке аталган окуу жайдан жалпы 200гө жакын окуучу катышат. Алар хор коллективдери, комуз, гитара, жетиген ансамблдери, үйлөмө жана урма аспаптар, кыл аспаптар, фортопиано жана скрипкада кол ойноткон окуучулар болот.

Иш–чара өлкөдөгү эпидемиялогиялык абалды эске алуу менен уюштурулат. Концерттин эң негизги меймандары Маданият министрлигинин Бишкек шаарындагы кураторлукка алынган мектеп окуучулары жана балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары болмокчу.

Мындан сырткары, 1- июнь күнү “Балдар менен бир күн” акциясы уштурулуп, ага Бишкек шаарындагы балдар искусство мектептеринин аярлуу катмардагы жаш балдары катышып, министр менен чыгармачылык күнүн өткөрөт.

Министрдин бир күнү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде саат 13:00дө башталат. Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөр боюнча интерактивдүү экскурсия, пластилинден аквариум жасоо мастер-классы, кинозалда Кыргыз Улуттук Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан тартылган "Замки на песке" тасмасы көрсөтүлүп, бөбөктөргө министрдин чакан белеги таратылат.

Ошондой эле чакан форматтагы концерттер өлкөдөгү бардык балдардын музыкалык жана искусство мектептеринде дагы уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий