• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет

Спорт 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино биринчи жолу Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Инфантинонун Кыргызстанга сапары 4-5-майга белгиленип, анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугат.

ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен президент Садыр Жапаров Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда.

Белгилей кетсек, кеңсенин курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган.

Мындан сырткары, жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен Кыргызстанга келет.

Пикир

Оставить комментарий