• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Финансы министри: Жыл аягына чейин консолидацияланган бюджеттин көлөмү 570 млрд сомго жетет

Экономика 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. 2023-жылдын аягына чейин Кыргызстандын консолидацияланган бюджетинин көлөмү 570 млрд сомго жетет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Министр жылдын башында консолидацияланган бюджет 503 млрд сом деп пландаштырылгандыгын эске салды.

"Жылдын аякташына эки жумадай убакыт калды. Ал аралыкта биз аталган көрсөткүчтү 570 млрд сомго жетиребиз деп турабыз. Бул планды ишке ашырабыз", - деди Бакетаев.

Министр өз сөзүндө салык жана салыктык эмес төлөмдөр толугу менен аткарылып жаткандыгын баса белгиледи.

"Мамлекеттик бажы кызматы быйыл планды ашыгы менен аткарды. Жыл башында 94 млрд сом деп пландалса, жыл аягына чейин 107 млрд сом болду", - деди ал.

Алмаз Бакетаев ошондой эле мамлекеттик карызга токтолуп, аны жабууга мамлекеттин толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирди.

"2023-жылдын башында бюджеттин тартыштыгы 21 млрд сом деп пландаштырылган. Бүгүнкү күндө аны 9 млрд сомго түшүрдүк. Бул жакшы көрсөткүч", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий