• 88.68
  • 95
  • 0.95

Фонтандар кадимки режимде иштеп жатат — Бишкек мэриясы

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бишкекте фонтандар кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын тапшырмасы менен Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Соода үйүнүн жанындагы фонтан комплекси оңдолуп, ишке киргизилди.

Бүгүнкү күндө "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери 17 фонтан комплексин тейлет.

Жаш Гвардия бульварындагы бир фонтандан башкасы, күн сайын саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштеп жатат. Ал эми "Ала-Тоо" борбордук аянтында жана Тарых музейинин маңдайындагы фонтан саат 21.00гө чейин иштейт.

Бардык фонтан комплекстери саат 14.00дөн 16.00гө чейин техникалык тыныгуу үчүн өчүрүлөт, бул кыймылдаткычтардын ысып кетишине жол бербөө үчүн керек.

Пикир

Оставить комментарий