• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Германияда автобус үйдү сүзүп, 43 адам жабыркады

Дүйнө 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Германиянын Эбербах шаарында ичинде балдар бар болгон автобус турак үйдү сүзүп алган,-деп билдирет Rhein Neckar Zeitung басылмасы.

43 адам жабыркап, алты бала оор абалда ооруканада жатат,-деп маалымдайт полицияга таянып SWR телеканалы. Каналдын маалыматы боюнча, кеп окуучуларды ташыган эмес катардагы каттамдагы автобус тууралуу жүрүп жатат, ал эртең менен көптөгөн окуучуларды ташып бара жаткан. Айдоочу жеңил жаракат алган.

Окуя таңкы саат жетиден кийин Одельвальдштрасса көчөсүндө болгон. Полициядан автобус “белгисиз себептерден улам” тилкеден чыгып кеткен деп билдиришти.

Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери, өрт кызматы жана тез жардам кызматы иштеп жатат. Жолдор толугу менен жабылган.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий