• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Россияда машыгууларды өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатына жана Эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Эльбурск районунда (Россия) биргелешкен Эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.

Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, окуу-машыгуу жыйыны 29-июнла башталган жана 15-июлга чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,
- 63 кг Тынар Шаршенбеков;
- 67 кг Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;
- 77 кг Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;
- 87 кг Атай Азизбеков, Азат Салидинов;
- 97 кг Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;
- 130 кг Ким Роман;
- Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков;
- Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев.

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйыны Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын 2023-жылга карата окуу-машыгуу жыйындарынын календардык планына ылайык өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий