• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

И.Өмүркулов президенттик шайлоолорду 15-октябрда өткөрүү сунушун түшүндүрдү

Коом 0

КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ЕККУ демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун өкүлдөрү менен баарлашууда мамлекет башчыны шайлоолорго даярдыктардын жүрүшү, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле, КР президентин шайлоолорду даярдоо жана өткөрүүдө заманбап технологияларды колдонуу тууралуу айтып берди.

КСДП фракциясынын катчылыгы И.Өмүркуловдун маегин жарыялады.

- Техникалык жана шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жагынан алганда шайлоолорго даярдыктардын жүрүшүнө кандай баа бересиз?

- Өзүңүздөр билгендей, демилгечилердин катарында мен жана башка фракциялардын бир нече депутаттары президенттик шайлоолорду 15-октябрда өткөрүүнү сунуштадык. 1-октябрга же сентябрга болсо да болмок, бирок, менимче, 15-октябрь – эң ылайыктуу жана мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи турду белгилөөнү, ошондой эле, кандайдыр бир соттук талаштар болгон шартта маселени чечүүнү шарттайт.

“КР Президенти жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоолор жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык, БШК добуш берүү күнүнөн 20 күндөн ашпаган мөөнөттө президенттик шайлоолордун жыйынтыгын чыгара тургандыгы аныкталды. Эгерде талапкерлердин бири да шайланбаса, БШК эң көп добуш алган 2 талапкерге кайра добуш берүүнү белгилейт.

Эмнеге 15-октябрь? Мындан эрте болсо да болмок, бирок, өлкө тоолуу экендигин, калктын көп бөлүгү айыл жеринде жашай тургандыгын жана бул мезгилде түшүм жыйналып, көптөгөн фермерлер алыскы жайыттарда болорун эске алуу керек. Октябрдын аягы болсо, даттануулар жана айыптоолор болбошу үчүн бардык жарандар шайлоого катыша алышмак. Буга байланыштуу ушул күндү тандадык.

Учурда мыйзам долбоору эки окууда жактырылып, жакын арада үчүнчү окууда каралат.

Шайлоолорго даярдыктар тууралуу айтсак, буга чейин шайлоолор конфликттер, шайлоо мыйзамдарын бузуулар, ыплас шайлоо технологияларын колдонуу менен коштолуп келген. Бирок, 2010-жылдан кийин, демократияны өнүктүрүү шайлоо тутумун реформалоо менен гана мүмкүн экендигин так түшүнүү менен шайлоолордун ачыктыгын жогорулатууга багытталган бир катар олуттуу чараларды кабыл алган мамлекет башчынын бекем позициясын баса белгилеп кетүү керек.

Бизде шайлоочулардын биометрикалык маалыматтарын жана добуштарды автоматтык түрдө эсептеген электрондук кутулары аркылуу жаңы шайлоо моделдерин колдонуу тажрыйбабыз бар. Жаңы тутум эки жолу: парламенттик шайлоолордо жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо колдонулду. Айрым майда кемчиликтерди эске албаганда, техникалык жактан камсыздалганбыз. Биз бул кемчилдиктерди билип, аларды жоюуга бардык аракеттерди жумшап жатабыз. Менимче учурда ачык шайлоолорду өткөрүүгө бардык шарттар бар.

Шайлоолор тиешелүү деңгээлде өтүү керек деп ойлойм. Эгерде өткөн президенттик шайлоолордо 80 талапкер катышкан болсо, учурда талапкерлердин саны кыскарып, шайлоо жарышына 5-7 ашпаган белгилүү саясатчылар катышышат. Алардын бардыгы өздөрүнүн ишенимдүү адамдарын жана байкоочуларын коюшат. Мындан тышкары, биз эл аралык байкоочуларды, көз карандысыз ЖМКларды жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга ниеттенип жатабыз.

- Дүйнөлүк тажрыйба жаңы киргизүүлөргө карата коомдун ишенимине жетишүү үчүн белгилүү бир убакыт керектигин көрсөтүүдө. Жаңы шайлоо тутумуна бардыгы ишенишеби?

- Салттуу түрдө ызы-чуулар, митингдер менен коштолгон шайлоо бул жолу ачык, олуттуу бузууларсыз өткөндүгүнө бийлик да, коом да канааттанды деп эсептейм. Ал гана эмес, добуштарды автоматтык түрдө эсептөө жыйынтыгы колго эсептөө менен дал келди. Ар кандай талаштуу учурлар боюнча кайрылышып, комиссиялык түрдө чечилди. Мунун баары ыкчам аткарылды. Добуштарды автоматтык эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча өз айылдарынан аз добуш алып калгандарына ишенбеген саясатчылар болушту. Бирок, колго эсептөө алардын кооптонууларын ырастады.

- Сиз шайлоого эл аралык байкоочулар чакырыла тургандыгын эскерттиңиз, ал эми жергиликтүү байкоочуларга карата, биздин түшүнүгүбүздө алардын укуктарына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөр кириши мүмкүн жана айрым жарандык коомдун уюмдары бул боюнча тынчсыздануу жана нааразычылык билдиришүүдө. Сиз бул боюнча кандай ойлойсуз?

- Эч кандай укук чектөөлөр жок. Алар катышышат, болгону, биз бардык байкоочулардын укуктары бирдей болушуна умтулдук.

- Шайлоолорду өткөрүү үчүн мыйзам базасы сиз күткөн, ошондой эле эл аралык нормалар жана Кыргызстандын милдеттерине канчалык деңгээлде дал келет жана ал шайлоолорду жакшы өткөрүүнү шарттайбы?

- Менимче, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарынын базасы президенттик шайлоолорго коюлган талаптарга толугу менен жооп берет. Шайлоо укугуна ээ жарандарга жеткиликтүү түз шайлоолорду өткөрүү заманбап демократиялык баалуулуктарга дал келет деп ойлойм. Биз демилгелеген түзөтүүлөр улуттук шайлоо тутумунун ачыктыгын жана айкындыгын мындан ары жогорулатууга багытталган. Мындан тышкары, түзөтүүлөрдү киргизип жаткан оппозициялык партиялар, бүгүнкү күнү ЕККУ демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунан да жакшы байкоо жүргүзүшөт жана көбүрөөк кызыкдар. Ал гана эмес, биз бул эмне менен коштолорун билебиз, мойнубуздагы чоң жоопкерчиликти сезип турабыз. Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун жүрүшүн байкоону каалаган бардык уюмдар менен кызматташууга даярбыз.

- Менин билишимче, КСДП партиясы келечектеги президенттикке талапкерин болжолдуу аныктады. Партиянын пикири боюнча, шайлоо кампаниясын каржылоо мыйзамда канчалык деңгээлде чагылдырылган? Каражаттарды топтоо жана сарптоо механизми кандай жүргүзүлөт жана ал бардык катышуучуларга бирдей болобу?

- Бул тутум абдан так иштейт, бардык каржы операциялары тыкыр көзөмөлдөнүп, бардык эсептер расмий катталат. Мындан тышкары, партиялардын фондуна каражаттарды Кыргызстандын гана жарандары которо алышат. Ошондой эле, учурда парламентте талапкерлердин шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн жогорулатууну сунуштаган мыйзам долбоору каралууда. Шайлоо фондун түзүү принциптери боюнча бир катар өзгөрүүлөр сунушталып жатат.

- Каржылоо өңүтүнөн алганда шайлоо кампанияларына каржыларды тартуу сиздер үчүн оңойбу? Аларды кайдан табасыздар?

- Талапкерлер өз каражаттарын салышат, расмий бизнеси бар ишкерлер, өз киреше жана чыгашаларын жыл сайын декларациялаган мамлекеттик кызматкерлер бар. Мындан тышкары, элибизде ушундай калыптанган, керек болсо, тууган-урук, жакын тааныштар жардам бербей койбойт.

- Шайлоочулар менен талкуулоого партия кайсы темаларды тандайт?

- Ар бир партиянын өз программасы бар, бизде социал-демократтарда, социалдык багытталган. Биз буга чейинки парламенттик шайлоолордо кабыл алынган программаны ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул жолу жасалган иштер боюнча отчет бердик. Аткарылган иштер тууралуу маалымдап, шайлоочулардын көп добушун алдык. Биз программаны толуктап, стратегиялык милдеттерди коюп, аймактардын географиялык, климаттык өзгөчөлүктөрүн, жарандардын социалдык абалын жана башка факторлорду эске алуу менен механизмдерди иштеп чыгабыз. Албетте, баштагыдай эле, партиянын артыкчылыгы республиканы социалдык-демократиялык өнүктүрүү, жумушсуздукту кыскартуу болуп саналат. Мындан тышкары, биз үчүн туруктуулук маанилүү. Себеби, геосаясий жактан алганда биз көптөгөн тобокелдиктердин жана коркунучтардын аймагында жайгашканбыз. Ошондуктан, биз үчүн ойлонулган мамлекеттик саясатты киргизүү маанилүү.

- Шайлоо күнү кандай өтөт деп ойлойсуз?

- Мен шайлоо жакшы өтүшүн каалайм. Себеби кандай гана туруксуздук болбосун жакшылыкка алып келбейт. Биз демократиялык өнүгүүдөгү, ачык-айкын шайлоолордун жолу менен бара жаткан өлкө экенибизди дүйнөгө дагы бир ирет көрсөтүшүбүз керек. Бардык шайлоочуларды чакырам. Экинчиден, эгерде шайлоо акыйкат өтсө, эч ким нааразы болбойт. Ошондой эле, шайлоочулар өз конституциялык укуктарын колдонуп, шайлоолорго жигердүү катышуусун каалайт элем.

Булагы АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий