• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Январь-апрелде Кыргызстандын экономикасында реалдуу өсүш 105,4%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары өсүүнүн оң темпин көрсөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Анын айтымында, январь-апрелде ички дүң продукциянын көлөмү 203,0 млрд сомду түзүп, өнүктүрүү ишканаларын эсепке албаганда реалдуу өсүш темпи 105,4%га барабар болду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4%га көп. Ал эми Кумтөр кени боюнча өсүү темпи 103,5%ды түздү, өткөн жылы бул көрсөткүч – 101,4%ды түзгөн.

"Экономиканын тармактары боюнча көрсөткүчтөр төмөндөгүдөй болгон: айыл чарбасында өндүрүштүн көлөмү 2,2%га, курулушта – 2,9%га, кызмат көрсөтүүдө – 3,6%га, өнөр жайында – 11,1%га өскөн.

Январь-апрель айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 116,0 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 10,3%га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда – 76,5 млрд сом, физикалык көлөмдүн индекси 102,4%ды түздү, - деди ал.

Ал белгилегендей, өнөр жайда өсүш мунай продуктуларын (24,3%ке), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия ишин (25,8%ке), фармацевтика продукциясын (12,3%ке), негизги металлдарды жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды.

Пикир

Оставить комментарий