• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

II Элдик курултай. Финансы министрлигине 100дөн ашуун кайрылуу түштү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын алкагында Финансы министрлигине жалпы 100дөн ашуун кайрылуу түштү.

Ведомстводон билдиришкендей, учурда министр Бакыт Бакетаев ар кайсы райондордон жана облустардан келген делегаттардан түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча тиешелүү башкармалыктарга жана ведомстволук бөлүмдөргө тиешелүү тапшырмаларды берип жаткан учуру.

Курултайга министрдин биринчи орун басары Р.Суйналиев, орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.Аманбаев да катышууда.

Бюджеттик кредиттердин аткарылышы боюнча Финансы-кредиттик фонддун төрагасы Э.Доолбеков жана башка кызматкерлери министрликтин компетенциясына кирген кайрылуулар боюнча Элдик курултайдын делегаттарына кеңеш менен багыт берүүчү жардамдарын көрсөтүүдө.

Белгилегендей, учурда Финансы министрлигине тиешелүү маселелер боюнча 100дөн ашык кайрылуулар келип түштү. Делегаттар менен жолугушуу уланууда.

Пикир

Оставить комментарий