• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Аялдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө кыйынчылыктар бар

Коом 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Аялдарга карата жасалган үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен күрөшүүдө кыйынчылыктар бар. Анткени, жабырлануучулардын бардыгы эле милицияга расмий арыз менен кайрыла бербейт. Ошондой эле күбөлөр дагы мындай фактыны ачыкка чыгарбагандыгы тынчсыздандырат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата административдик жаза каралса, 2019-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы кодекстердин негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган жана Жоруктар кодексине киргизилген. Муну менен бирге 2017-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы коргоо” мыйзамы зомбулукту алдын алууну кеңейткен.

Белгилей кетсек, 2019-жылы 5 миңден ашуун үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактылары катталган. Анын ичинде физикалык, психологиялык жана сексуалдык зомбулуктар бар. Ушул убакыт ичинде 5000ден ашуун коргоо ордери берилген, катталган 580 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Мурда маалымдалгандай, Нарын облусунун Кочкор районунда 36 жаштагы келин жолдошунун ур-токмогунун натыйжасында каза болгон. Жогорудагы кылмышка шектүү катары анын жолдошу кармалган. Ошондой эле 2020-жылдын 4-январында болжол менен түнкү саат 01:00дор чамасында Баткен облустук ооруканасына ур-токмоктун натыйжасында денесине алган жаракаттары менен аял киши келип түшкөн. Ал алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Бул келин дагы үй-бүлөлүк ур-токмоктун натыйжасында каза болгондугу аныкталган. Келиндин жолдошу өлтүрүүгө шектелип кармалган. Ошол эле күнү Каракол шаарында жарандык жолдошу жубайына бензин чачып өрттөп жиберген. Келин алган жаракатынан улам, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Шектүү катары келиндин жолдошу кармалган.

Белгилей кетсек, азыркы учурда шектүүлөр 2 ай мөөнөткө камакка алынган. Буга чейин, каза болгондор тарабынан ички иштер органдарына эч кандай расмий арыз жана билдирүүлөр түшкөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий