• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ИИМ Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү менен анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн байланышын аныктай элек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү менен байланыштуу болгонун же болбогонун аныктай элек.

Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, түрк тарап ал маселе боюнча маалымат бере электигин билдирди.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини ал кафеде отурган кезде атып кетишкен. Анын аты "Азаттыктын" журналисттик иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражаттарын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу сөз болот.

Пикир

Оставить комментарий