• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад: Милиция тарабынан балдарга колдоо көрсөтүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан муктаждарга колдоо көрсөтүү уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, район аймагында жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон ата-энелердин балдары үчүн таттуулар, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөр жеткирилди. Милиция кызматкерлери айылдарды аралап, бул үй-бүлөлөрдүн абалынан кабар алышты. Жаш балдарды майрамдары менен куттукташып, аларга бекем ден соолук каалашты.

Ошондой эле бүгүндөн тартып онлайн форматында бүтүрүүчүлөрдүн экзамен тапшыруусу башталгандыктан, милиция кызматкерлери мугалимдер менен биргеликте окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Тартип сакчылары бүтүрүүчүлөргө майрамдык эс алууларды уюштурбоо керектигин эскертишип, алдыда дагы улануучу экзамендерге ийгиликтерди каалашты.

Сузак районунун аймагында жайгашкан жалпы билим берүүчү 114 орто мектебинде 11-классты 1796, ал эми 9-классты 4281 окуучу аяктап жатат.

Пикир

Оставить комментарий