• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ Академиясынын кызматкерлери Ленин райондук милициясы менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин райондук милициясы менен биргеликте Ош базарынын тегерегиндеги Кулиев-Киев, Токтогул-Бейшеналиева көчөлөрүндө башаламан соода-сатыкты токтотуу үчүн күн сайын тиешелүү чараларды көрүшүүдө. Бул тууралуу аталган академиядан билдиришти.

"Базардын тегерегинде башаламан соода кылган жарандардын мындай иш-аракеттери санитардык-гигиеналык талаптарына жооп бербегендиктен коронавирус илдетинин жарандар арасында жайылуу мүмкүнчүлүгү жогору", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарында коронавирус илдетин жугузуп алгандардын саны жогорулап бара жатканына байланыштуу ИИМ Академиясынын кызматкерлери жогорудагы базарда жарандарга калк жыш топтолгон жерлерде жеке гигиеналык эрежелерди туура сактоону, көчөгө зарыл болбогон учурда чыгуудан карманууга жана аталган илдетти жугузуп албоо үчүн дарыгерлер тарабынан сунушталган эрежелерди аткаруу керектигин айтууда. Ошондой эле жарандарга өзүнүн коопсуздугунан сырткары жакындарынын, өз чөйрөсүндөгү адамдардын коопсуздугун дагы ойлоп, аталган илдеттин жугуп калышын алдын алуу боюнча бардык сунуштарды жана эрежелерди так сактоолору эскертилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий