• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте психотроптук заттар менен баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынды

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Бишкекте баасы 10 млн сомго жакын психотроптук заттар менен баңгизатын жасаган лаборатория жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте КРнын Кылмыш-жаза кедексинин 267-беренеси менен (эски редакцияда) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, анын жүрүшүндө «Telegram» мессенждеринен өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды жана психотроптук заттарды сатуу менен жүргүзүлүүчү интернет дүкөн аныкталган.

Көрсөтүлгөн интернет дүкөн өзүнүн кылмыштуу ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн баңгизаттарды интернет тармактарына мыйзамсыз жарнамалоо менен алектенип келген.

БМЖКККнын кызматкери тарабынан аталган дүкөндүн администратору менен жазышуу жүргүзүлүп, натыйжада 100 грамм салмактагы «мефедронду» сатып алуу макулдашылган. Баңгизат каражатты сатып алуу баасы 300 миң сомдон ашкан.

Бишкек шаарынын Ленин районунун Чуйков көчөсүндө өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, баңгизат каражаттардын жашыруун жайын жасап, жазышуу жүргүзгөн К.А. аттуу жаран кармалган.

Кармалган жарандын Турусбеков көчөсүндөгү ижарага алып жашаган батирине кечиктирилгис тинтүү жүргүзүү учурунда баңгилик лаборатория аныкталып, ал жактан төмөнкү далил буюмдар табылып алынган:

- «мефедрон» кургатуучу 1 поднос;

- психотроптук заттарды даярдоо үчүн реагенттер менен 4 канистр;

- жууганга даярдалган этил спирти менен 12 флакон;

- психотроптук заттар менен 7 баштык;

- 3 банктын картасы;

- 2 уюлдук телефон, сим карта.

Бул баңгилик лабораторияда жарымфабрикаттардан «мефедрон» жана «Альфа PVP» психотроптук заттар өндүрүлгөн.

Ал психотроптук заттардын салмагы: «мефедрон» 1кг 500 граммды, «Альфа-PVP» 800 граммды түзгөн.

Алардын жалпы баасы 10 миллион сомго жакын (9 миллион 900 миң сом).

Кармалган К.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

Белгиленгендей, азыркы учурда бул факт боюнча соттук-химиялык экспертизалар, башка интернет-дүкөндөрдү аныктоого электрондук алып жүрүүчүлөрдү текшерүү жана талдоо даярдалды. Ошондой эле бул кылмышка тиешелүү башка жарандардын өздүгүн аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-аракеттери өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий