• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын маянасы 40%га көтөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү каралган. Бул тууралуу бүгүн, 23-августта, президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 80 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди.

Президент белгилегендей, министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасынын айрым категориядагы аскер кызматчыларына акчалай көмөк көрсөтүү жөнүндө” токтомунун долбоору даярдалган. "Ага ылайык, 2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын эмгек акыларын 40 пайызга көтөрүү пландаштырылып каралган", - деди ал.

Ошондой эле Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер кызматынын аскер кызматчыларынын өзгөчө шарттарда кызмат өтөөсүн эске алуу менен ушул жылдын 1-сентябрынан тарта аскер кызматчылардын өтөгөн кызматынын 1 жылы эми 1,5 жыл деп эсептелери, ал эми Баткен облусунда кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын 1 жылы 2 жылга тете деп эсептелери белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий