• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Криминалдык милициянын кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жарандарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан бейбаштык аракеттерин жасоого шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чараларды жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусунан билдирүү түшүп, ал өзүнүн арызында укугун бузуп жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүүнү суранган. Анда 2020-жылдын 26-июнь күнү кечки маалда белгисиз адамдар Аксы районунун жашоочусун “Тойота” үлгүсүндөгү автоунаага салып, адамдар жок жерге алып барышып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкендиги маалымдалган.

Жогорудагы маалыматка байланыштуу, укукка жат көрүнүш криминалдык топтор тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан, бул ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

2020-жылдын 27-июнь күнү аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматы Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 30-июнь көрүлгөн чаралардын натыйжасында Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан жогорудагы бейбашттыкка шектүү эки жаран кармалган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1983-жылы туулган жашоочусу М.А. болот. Ал мурда соттолгон жана УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, “положенец” криминалдык макамга ээ. Экинчи кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жашоочусу Т.М. болот.

Кармалган эки шектүү тең Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий