• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Мечиттерде диний радикалдашуунун алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ички иштер министрлиги мечиттерде диний радикалдашуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, 2023-жылдын 4-апрелинде 2022-2026-жылдар ичинде мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкектеги мечитте жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү.

Анда жарандарга “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, жарандар тарабынан берилген суроолорго кенен түшүндүрмө беришти.

Пикир

Оставить комментарий