• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ унаанын айнегин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 17.07.23./Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги унаанын айнегин караңгылатуу акысын арзандатууну сунуштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында долбоор коомдук талкууга коюлду.

Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн төмөнкү өлчөмдөрү колдонулары белгиленгег:
- жеке жак-резиденттер үчүн 50 миң сом ( азыр 80 миң сом);
- юридикалык жактар үчүн 70 миң сом ( азыр 100 миң сом);
- резидент эместер үчүн 90 миң сом ( азыр 120 миң сом).

Эске сала кетсек, унаа каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо былтыркы жылдын 1-июнунан башталган.

Пикир

Оставить комментарий