• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин Ички аскерлеринде Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанатту иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта, ИИМдин Ички аскерлеринин командачылыгында Аялдардын эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

ИИМден билдиришкендей, салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарында жайгашкан Ички аскерлердин командачылыгынын жана аскер бөлүктөрүнүн аскер айымдары катышты.

Ички аскерлеринин командачысынын милдетин убактылуу аткаруучу Дамир Алыбаев аскер айымдарды келе жаткан майрамы менен куттуктады.

“Ата Мекенди коргоочу кесип эбак эле эркектерге гана эмес, аялзатына да таандык болуп калган десем жаңылышпаймын. Ички аскерлердин аскер айымдары да мамлекетибиздин коопсуздугун камсыз кылууга олуттуу салым кошуп келишүүдө. Аялзаты ар дайым тырышчаактык жана жоопкерчилик менен айырмалып келет. Сиздер өз милдеттериңизге абийирдүү мамиле жасоо менен, аскер кызматында ээлеген ордуңуздар эбегейсиз мааниге ээ”, - деди Алыбаев.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Ички иштер министринин жана Ички аскерлердин колбашчысынын буйругу менен бир катар аскер айымдары медалдар, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Иш-чара майрамдык концерт менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий