• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин “Шумкар” полку Өзбекстандагы чемпионаттарда байгелүү орундарга илинди

Коом 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/. Өзбекстанда өткөн чемпионаттарда ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери байгелүү орундарды камсыз кылды.

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун маалымат кызматы билдиргендей, 3-10-июнь аралыгындаТашкент шаарында самбо боюнча Азия чемпионаты жана кармаш-уруш боюнча Дүйнө чемпионаты өттү.

Самбо күрөшү боюнча 88 кг салмакта 2-орунду Нурисбек Бекбердиев ээлесе, ал эми 98 кг салмакта 3-орунга Бекболсун Керимбеков илинди. Кармаш-уруш боюнча Дүйнө чемпионатында Алмаз Жолбунов 90 кг салмакта коло медаль тагынды.

Байгелүү орундарды камсыз кылган кызматкерлерге полктун командири Аскат Ишенбаевич акчалай сыйлык тапшырып, кызматкерлерге спорттук жетишкендиктерди жана кызматтык тапшырмаларды аткаруудагы тайманбастыкты каалады.

Пикир

Оставить комментарий