• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМдин жашы жете электердин иштери боюнча бөлүмү кесиптик майрамын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 7-июль күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешүүдө. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

"Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы жөн гана жумуш эмес, бул кызматына берилгендик менен мамиле кылып, балдарга карата мээрим төгүп,
туура жолго багыт берүүчүлөр иштеген кызмат. Жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору белгилүү бир мүнөзгө ээ болушу керек, өздөрүнүн карамагындагы балдарга аяр жана боорукер мамиле жасап, туура сөздөрдү таап, өзгөчө мамиле жасашы кажет. Анткени балдардын жана өспүрүмдөрдүн тагдыры, алардын келечеги алардын аракетинен көз каранды. Өлкөбүздөгү ар бир бала сүйүү жана кубанычка бөлөнүп чоңойсун. Өздөрүн балдар менен иштөө боюнча оор, бирок өтө маанилүү ишке арнаган бардык кесиптештерибизге бекем ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана ушундай маанилүү чөйрөдөгү иште жетишкендиктерди, ал эми бөлүмдүн ардагерлерине бекем ден соолук, узак өмүр жана бакыт каалайбыз", - деп айтылат ИИМдин куттуктоосунда.

Пикир

Оставить комментарий