• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Индияда пил жергиликтүү тургунду тебелеп салган

Дүйнө 0


Бишкек, 05.09.17. /Кабар/. Индияда пил аны менен сүрөткө түшүүнү каалаган жергиликтүү тургунду тебелеп салды. Бул тууралуу видео Daily Mail таблоидине чыкты.

Алардын маалыматы боюнча окуя Орисса штатындагы паркта болгон. Күбөлөрдүн айтымында, жергиликтүү тургун пил менен сүрөткө түшмөкчү болуп, жаныбарга жакын келгени анын ачуусун келтирген.

Роликте пил тургунду кубалап жүрүп, жыгылып калган адамды буту менен тепсеп жатканы тартылган. Жардамга келген парктын кызматкерлери жаныбарды кубалай албай коюшкан.

Пилдин курмандыгы ооруканага жетпей, тез жардам унаасында каза болгону айтылат.

Булагы: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий