• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Индияда сүрөткө түшүүнү каалаган 3 студент поезд алдында калып каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 04.10.17. /Кабар/. Индиянын Карнатак штатында үч студент поезд алдында калып каза болушкан. Алдын ала маалыматтар боюнча алар сүрөткө түшүүгө аракет жасашкан. Бул тууралуу NDTV телекомпаниясы маалымдайт.

Полициядан кабарлашкандай, экөөнүн өздүгү такталды - алар Банголарадагы Улуттук колледжде билим алышчу. Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, каза болгондор сүрөткө түшүүгө аракеттенишип, өздөрү менен поезддин ортосундагы аралыкты туура эсептешкен эмес.

Ошондой эле, өткөн аптада ушул эле окуу жайда билим алган дагы бир студенттин өлүмү тууралуу айтылат. Маркумдун достору анын чөгүп бараткандыгын капысынан тартып калышкан.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий