• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Трамп Россияга санкция киргизген мыйзамга кол койду

Дүйнө 0

Бишкек, 3-август /Кабар/. АКШнын президенти Дональд Трамп Россия жаңы санкцияларды киргизе турган мыйзамга кол койду.

Россияга кошуп, Түндүк Корея жана Иранга санкция жарыялай турган бул мыйзам долбоору Конгресстеги демократтар менен республикачылардын жапырт колдоосуна ээ болуп, президентке кол коюуга жөнөтүлгөн. Демилгечилер соңку чарага Россиянын АКШнын былтыркы шайлоосундагы ролу, Украина менен Сириядагы аракеттери себеп болгонун жүйө келтиришкен.

Жаңы мыйзам америкалык компанияларга Россиянын темир жол, кеме, металл чыгаруу жана кен тармактары менен иштешүүгө тыюу салат. Ошондой эле Россиянын мунай өндүрүшү менен байланышы бар компаниялардын бизнесине чектөө киргизет. Мыйзамга ылайык, санкцияларды жеңилдетүү же токтотуу маселесин АКШ президенти эмес, Конгресс чечип калат.

Президент Владимир Путин АКШ конгрессмендеринин жаңы чарасына жооп кылып, Россиядагы миңден ашык америкалык дипломаттардын 755и кыскарат деп билдирген. Анын алдында Кремл АКШ дипломаттарына Серебряный Бор аймагындагы дачаларын жана Москвадагы кампасын колдонууга тыюу салган.

Пикир

Оставить комментарий